Кыргызстанда мыйзамсыз онлайн-казинолорду чектөө сунушталды

Кыргызстанда мыйзамсыз онлайн-казинолорду чектөө сунушталды
4 ноябрь, 2026
Кыргызстанда мыйзамсыз кумар сайттарын чектөө үчүн интернетти чыпкалоо сунушталды.

Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кайрат Маматов мыйзамсыз кумар оюндарынын сайттарына кирүүнү чектөө үчүн интернет-трафикти чыпкалоону сунуштады. Ал бул тууралуу 2026-жылдын 30-октябрында «Биринчи радионун» эфиринде билдирген.